Чатырында теннис корту, астында 245 унаа: Бишкекте заманбап унаа токтотуучу жай ачылды

Коом Загрузка... 24 Апрель 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарында 245 орундуу, жер астындагы кабаты бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын ачылышы болду.

Мэриядан билдиришкендей, жаңы объект Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан. Ачылыш аземинде мэр Айбек Жунушалиев бул долбоор шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасынын алкагында ишке ашырылды. Жайдын жалпы аянты 11 000 чарчы метрден ашат. Унаа токтотуучу жай жер төлөдөн жана жер үстүндөгү беш кабаттан турат, бул унаалардын кирүү-чыгуусу үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.

Долбоордун өзгөчөлүгү — имараттын чатырында спорттук аянтчанын жайгашуусу. Анда заманбап жабдуулары бар үч теннис корту курулган. Бул Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылган архитектуралык чечимдердин бири.

Имараттын фасады заманбап темир панелдер жана светодиоддук экран менен жасалгаланып, курулушка заманбап көрүнүш берип турат.

Ошондой эле долбоордун алкагында чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүү иштери аяктады. Атап айтканда, №4/1 турак жайынын короосуна чейинки жолдорго асфальт төшөлүп, тротуарлар оңдолду.

Мындан тышкары, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү балдар аянтчасы жана коомдук транспорт аялдамасы реконструкцияланды.