Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Бишкекте жашы жете элек өспүрүмгө карата денеге залал келтирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Такталгандай, 13-апрелде болжол менен саат 00:30 чамасында Бишкек шаарынын Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жарандар эч себепсиз 2008-жылы туулган өспүрүмдү сабап, денесине залал келтирип, андан соң белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.
Андан кийин милицияга И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда аталган адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 2009-жылы туулган жашы жете элек О.А. жана 2009-жылы туулган Э.И. аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.