Бишкектеги Гагарин көчөсү кеңейтилиши мүмкүн

Коом Загрузка... 14 Апрель 2026 15:30
Dizayn_bez_nazvaniy_gEj8rMr.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Бишкектеги Гагарин көчөсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, тиешелүү пландар талкууланып жатат.

Абдыжапаркул Жанболотов белгилегендей, көчөнүн бир тарабында жеке турак жайлар жайгашкандыктан, жолду кеңейтүү үчүн ал жерлердин бир бөлүгүн сатып алуу маселеси келип чыгышы мүмкүн. Акыркы чечим шаардык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кабыл алынат.

Мындай муктаждык аталган аймактагы активдүү курулуш иштерине байланыштуу болууда. Атап айтсак, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу турак жайлар курулуп жатат. Ошондой эле "Ак-Кула" ипподромунун ордуна ири кичи район түшүүдө", - деди ал.

Унаа тыгындарын азайтуу жана жол тармагына күч келтирбөө үчүн шаар бийлиги ири транспорттук түйүндөрдү курууну пландаштырууда. Бул маселелер учурда карап чыгуу стадиясында турат жана келечекте ишке ашырылышы мүмкүн.