Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Акыйкатчы институту М.Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернатында балдардын окуу жана жашоо шарттарына кайрадан мониторинг жүргүздү.
Институттан билдиришкендей, текшерүү учурунда 509 бала билим алган (анын 243ү жатаканада жашайт) окуу жайда коопсуздук жана санитардык нормалар сакталбаганы аныкталды.
Атап айтканда, жатакананын терезелеринде коргоочу темир торлор орнотулган эмес (бийик кабаттан кулап кетүү коркунучу бар). Ысык суу жок (бойлерлор орнотулган эмес), ашкана жана дааратканаларда желдетүү системасы иштебейт. Спорт аянтчалары жок, мектептин короосунда балдар эс алуучу бир дагы отургуч коюлган эмес.
Ошондой эле психолог, социалдык педагог жана түнкү тарбиячылар жок. Мугалимдердин айлыгы аз болгондуктан, кызматкерлер бат-баттан алмашып турат.
Мектептин уставы жаңыртылган эмес жана иш кагаздарын жүргүзүү талаптарга жооп бербейт.
Натыйжада 2025-жылы акыйкатчы тарабынан берилген сунуштар аткарылбай, көйгөйлөр ошол бойдон калууда.