Бишкектин айрым жерлеринде 8 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 14 Май 2026 14:40
gaz-got.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 8 күн жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 15-22-май күндөрү Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Сүйүмбаев көчөсү, Аламүдүн дарыясы, Жумабек көчөсү, ЧЧК, Абдрахманов көчөсү, Тоголок Молдо көчөсү, М. Ганди көчөсү менен чектелген аймакта газ болбойт.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.