Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 24 Апрель 2026 11:40
2039960.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 27-28-апрель күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

  • Исакеев көчөсүндөгү төмөнкү үйлөр: №18/1, 18/1а, 18/17, 18/18, 18/11, 2а (14-блок), 2а (15-блок), 18/6, 18/5, 18/4, 18/16, 2а (9-блок), 18 (4-блок), 18/10 (13-блок), 18/8.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.