Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Сокулук районуна караштуу Манас – Камышановка унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 30 чакырымды түзөт. Быйыл жолдун 10 чакырымына асфальт төшөө иштери каралган. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык жүрүп жатат.
Бул унаа жол Манас, Дача-Суу жана Камышановка айылдарын бириктирген маанилүү транспорттук байланыш болуп саналат. Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, аймактагы транспорт кыймылын жакшыртууга өбөлгө болот.