Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Президенттин “Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра түзүлдү.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.