Чилиде мыйзамсыз жүргөн мигранттарды массалык түрдө депортациялоо башталды

Дүйнө Загрузка... 17 Апрель 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-04-17 at 08.43.39.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Чилинин президенти Хосе Антонио Каст жетектеген өкмөт миграция саясатын кескин өзгөртүп, мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөдөн чыгаруу боюнча алгачкы авиа каттамды ишке ашырды. Бул тууралуу Euronews билдирет.

Маалыматка ылайык, анын алкагында ондогон чет элдик жарандар негизинен Колумбия жана Эквадорго депортацияланды. Бул каттам өкмөт пландап жаткан өлкөдөн үзгүлтүксүз чыгаруулардын алгачкысы болуп саналат. Мындай чаралар документсиз жүргөн адамдардын санын кыскартууга багытталган.

Ошондой эле жаңы бийлик мурдагы президент Габриэль Борик сунуштаган 180 миңден ашуун мыйзамсыз кирген мигранттарды легалдаштыруу демилгесин токтотту. Натыйжада, жапырт жашоого уруксат берүү саясаты четке кагылып, кыйла катуу көзөмөл киргизилди.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, каттоодон өткөн мигранттардын кеминде 6 миңи кандайдыр бир кылмыш иштерине аралашкан. Бул факт жаңы миграциялык саясатты негиздөөнүн башкы аргументи катары көрсөтүлүүдө.

Мындан тышкары, өлкөнүн түндүк чек арасында көзөмөл күчөтүлүп, тосмолор курулуп, заманбап байкоо технологиялары колдонулуп, айрым аймактарга аскер кызматкерлери жайгаштырылууда.

Президент Каст кылмыштуулуктун өсүшүн мыйзамсыз миграция менен байланыштырып, мыйзамсыз кирүү жана ага көмөктөшүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады.

Бул өзгөрүүлөр өкмөттүн кеңири программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Анын алкагында 40тан ашуун экономикалык жана социалдык чаралар ишке ашырылып, өлкөнүн өнүгүү багытын өзгөртүү көздөлүүдө.

Эске салсак, Хосе Антонио Каст өткөн жылдын декабрь айында өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Анын шайлоо алдындагы негизги убадасы кылмыштуулукка жана мыйзамсыз миграцияга каршы катуу чараларды көрүү болгон.