Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Чүй, Талас облустары боюнча башкармалыгы тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин объектилеринде пландык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй аймагындагы маданий мекемелерде өрттүн алдын алууну күчөтүү жана кызматкерлерге түшүндүрүү иштери улантылууда.
Аталган башкармалыктын башчысы Хашимжан Абдрахманов белгилегендей, инспекторлор жеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузууларын аныктап, ал боюнча актыларды түзүп, эскертмелерди берип жатат.