Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиевдин мандатын тапшыруу тууралуу арызы БШКга келип түштү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Боршайкомдон билдиришти.
Ага ылайык, эми БШК жыйынында Темирлан Айтиевдин арызын карайт.
Эске салсак, эл өкүлү Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп №21 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган.