Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Бразилияда өтүп жаткан World Boxing версиясы боюнча дүйнө кубогунда кыргызстандык мушкер Анваржан Ходжиев жарым финалга жолдомо алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
50 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Ходжиев мелдешти 1/8 финал баскычынан баштап, алгач Япониянын өкүлү Даичи Ивейди 3:2 эсебинде жеңди. Ал эми чейрек финалда Австралиянын өкүлү Айзаз Омерди да 3:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.
Бул жыйынтык менен кыргызстандык мушкер кеминде коло медалды камсыз кылды.
Жарым финалдык беттеш бүгүн өтөт. Анда кыргызстандык мушкер Азербайжандын өкүлү Субхан Мамедов менен беттешет.