Транспорттук форумдун жыйынтыгында эки меморандумга кол коюлат – министр

Коом Загрузка... 23 Апрель 2026 12:55
WhatsApp Image 2026-04-23 at 11.15.36 (2).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму жана Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин транспорттук форумунун жыйынтыгында эки меморандумга кол коюлат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине транспорт жана коммуникация министри Талантбек Солтобаев Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстан — аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” эл аралык транспорттук форумунун жүрүшүндө билдирди.

Маалымдалгандай, ШКУга мүчө мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташууларга уруксаттарды санариптештирүү жаатында өз ара аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга жана Эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук версиясын ("e-CMR") ишке ашыруу боюнча Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин транспорт үчүн жооптуу министрликтеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумуна кол коюу күтүлүүдө.

“Форумга ШКУга мүчө 10 мамлекеттин жана ТМУга мүчө 5 мамлекеттин транспорт министрлери, ошондой эле уюмдардын башкы катчылары катышууда. Учурда бул мамлекеттердин алкагында транспорт, логистика тармагында чоң көйгөйлүү маселелер жок. Бирок күнүмдүк пайда болгон маселелерди чечүү — дайыма жүрүп туруучу процесс. Андан тышкары, жалпы дүйнө жүзүндө санариптештирүү процесси жүрүп жатат. Ошонун негизинде транспорт тармагында да санариптештирүү, жеңилдиктерди түзүү багытында биргелешкен иштер аткарылууда. Бүгүн биз эки меморандум сунуштап, отурумдун жыйынтыгы менен аларга кол коёбуз”, — деди министр.

Ал форумда каралуучу негизги маселе альтернативдүү коридорлорду иштеп чыгуу экенин белгиледи.

“Биз Кыргызстан тараптан карасак, мисалы, Кытай аркылуу Пакистанга, андан ары Европага, Жакынкы Чыгышка жана башка өлкөлөргө чыгуу жолдору каралууда. Ошондуктан учурда санариптештирүү жана автоматташтыруу тармагына басым жасоо маанилүү”, — деди Солтобаев.

Ошондой эле министр Кыргызстан транспорт тармагында туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Маалымдалгандай, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 660 миллиондон ашык жүргүнчү жана 60 миллион тоннадан ашык жүк ташылган.