Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги Электрондук декларациялоо борборунун курулушуна капсула салды.
Ведомстводон билдиришкендей, борбордун түзүлүшү өлкөнүн бажы тутумун өнүктүрүүдөгү эң маанилүү тарыхый этаптардын бири болуп калмакчы.
Борбор ишке кирсе:
- бажылык тариздөө процесстери 100% электрондук форматка өтөт,
- адам факторунун таасири минималдаштырылып, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат,
- тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары документтерди жеке кабинет аркылуу, онлайн режимде тапшыра алышат.
Долбоор заманбап жана ачык бажы системасын түзүүгө багытталган улуттук программанын жыйынтыктоочу этабы болуп саналат.