Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаарды тазалоо, көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу иштерин жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү жана эмгекчил жарандарды жумушка чакырат.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда төмөнкү бош жумуш орундары бар:
— жүктөөчүлөр (катуу тиричилик калдыктарына жана санитардык тазалоо бөлүмүнө);
— айдоочулар (С категориясы, 2 жылдан кем эмес иш стажы, аскердик билет милдеттүү);
— жашылдандыруу жумушчулары (чөп чабуу иштерине);
— фонтан кызматкерлери (шаардык фонтан объектилерин тейлөө жана кароо);
— Васильевский тракт участогуна кызматкерлер;
— оңдоочу цехке жумушчулар (техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине).
Эмгек акысы 40-45 миң сом. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылууга болот: Ростовская көчөсү, 19Б.