Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулуп, ишенимдүү өттү. Бул тууралуу шайлоого байкоо жүргүзгөн Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Евгений Шевченко билдирди.
Анын айтымында, ал добуш берүү башталган учурдан тартып, шайлоо тилкелери жабылганга чейин бир нече участокторду кыдырган.
“БШК мүчөлөрүнүн даярдыгын жана уюшкандыгын өзгөчө белгилегим келет. Абдан жогорку деңгээлде даярдык көрүшкөн. Шайлоочулардын активдүүлүгү да жогору болду. Техникалык база азыркы талаптарга толук жооп берет. Мындан сырткары, байкоочулардын саны көп болгондугу шайлоонун ачык-айкын өткөнүнүн дагы бир далили. Ошондой эле шайлоого жаштардын активдүү катышканын өзгөчө белгилөөгө турат. Бул өлкө жаштарынын демократиялык процесстерге аралашып, бийликке болгон ишенимин көрсөтөт”,-деди ал.