Грузиянын премьер-министри расмий сапары менен Кыргызстанга келет

Саясат Загрузка... 10 Июнь 2026 17:00
719113626_1581333244001304_1246327966009433621_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 11-13-июнунда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот.

Сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечегин талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы укуктук базаны жана практикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлат.

Алдыдагы сапар тарыхый мааниге ээ жана эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Грузия өкмөтүнүн Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары болуп калат.