Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Бир катар маалымат булактарында жана социалдык тармактарда Илан Шордун Кыргызстанда жашап жатканы, ошондой эле анын өлкөдө бизнес кызыкчылыктары бар экендиги тууралуу маалыматтар тарап жатат. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында, Илан Шор Кыргыз Республикасынын аймагында жашабайт жана эч кандай саясий ишмердүүлүк же жеке ишкердик жүргүзбөйт.
"Жалган маалымат таратып жаткан ММК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", — деп белгиледи Орунбеков.