“Кабар” агенттигинин Өзбекстандагы кабарчысы Төлөнбай Курбанов дүйнө салды

Коом Загрузка... 16 Апрель 2026 13:15
WhatsApp Image 2026-04-16 at 13.20.01.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин Өзбекстандагы өздүк кабарчысы Төлөнбай Курбанов 74 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды.

Өмүр жолу жана эмгеги

Төлөнбай Курбанов 1952-жылы Өзбекстандын Анжиян облусунда туулган. Ал өзүнүн өмүрүн калем кармап, чындыкты жазууга жана кыргыз-өзбек элдеринин ортосундагы маданий достукту чыңдоого арнаган.

Кесиптик жолу

"Кабар" агенттигинде 2005-жылдан бери, 20 жылдан ашуун эмгектенип, эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого салымын кошуп келген.

2022-жылы Өзбекстандын Журналисттердин чыгармачыл союзунун мүчөсү болуп кабыл алынган.

Чыгармачылыгы

Ал жөн гана журналист эмес, мыкты котормочу болчу. Чыңгыз Айтматовдун жана башка кыргыз калемгерлеринин чыгармаларын өзбек тилине чеберчилик менен которуп, кыргыз адабиятын коңшу өлкөгө таанытууда чоң салым кошкон.

"Чыңгыз Айтматовдун жашоо философиясы" (2004-ж.) жана "Чыңгыз Айтматов өзбекстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө" (2008-ж.) аттуу китептердин автору болуп саналат.

Төлөнбай Курбанов өз ишине берилгендиги, адамгерчилиги жана ак көңүлдүүлүгү менен кесиптештеринин арасында өзгөчө сый-урматка ээ эле.

"Төлөнбай Курбановдун жаркын элеси, анын жасаган иштери жана калтырган адабий мурасы биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Ал эки элдин ортосундагы руханий биримдиктин символу болчу."

"Кабар" улуттук маалымат агенттигинин жалпы жамааты кесиптешибиздин каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.