Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти

Спорт Загрузка... 15 Апрель 2026 13:23
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин кезектеги жыйыны өттү.

Аталган биримдиктен билдиришкендей, КФБнын аткаруучу комитетинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу 2026-2030-жылдарга жаңы курам шайланды.

Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматын эки жылдан ашык аркалаган Камчыбек Ташиев аткарылган иштер боюнча отчет берип, жаңы мөөнөткө талапкерлигин көрсөтпөй тургандыгын айтты.

Кыргыз футбол биримдигинен белгилешкендей, жаңы жетекчиликке талапкерлерди шайлоонун күнү жакынкы убакытта аныкталат.