Бишкек ЖЭБи сандарда: Иштеп жаткан блок, резервдеги техника жана көмүр кору

Коом Загрузка... 10 Июнь 2026 14:30
6a031f06521e4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) учурда штаттык режимде иштеп жатат.

Мэрия ЖЭБдин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу негизги көрсөткүчтөрдү сандар менен маалымдады.

10-июнга карата ишканадагы негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:

  • орточо электр кубаттуулугу: 153 МВт;
  • электр энергиясын өндүрүү көлөмү: 3,684 миң кВт/саат;
  • жылуулук энергиясын берүү көлөмү: 2,4 миң гигакалория;
  • көмүр кору: Кампадагы көмүрдүн калдыгы 53,927 миң тоннаны түзөт.

ЖЭБде жалпысынан 15 отказан агрегаты, кайчылаш байланышуу менен 7 турбиналык агрегат жана №3, №4 эки энергоблок бар.

"Бүгүнкү күндө алардын ичинен 2 отказан агрегаты, кайчылаш байланышкан 2 турбиналык агрегат жана №4 энергоблок туруктуу иштеп жатат. Ал эми 5 отказан агрегаты менен 2 турбиналык агрегат резервде турат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алдыдагы мезгилге даярдык катары 8 отказан агрегаты, 3 турбиналык агрегат жана №3 энергоблок учурда оңдоодон өткөрүлүүдө.