Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин базасында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан семинар-кеңешме уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адистер дыйкан-фермерлерге өз тармактары боюнча кеңеш берип, практикалык сунуштарын ортого салышты. Семинарда өзгөчө төмөнкү маселелер каралды:
- Жүгөрү өстүрүүнүн заманбап ыкмалары;
- Сапаттуу силос даярдоонун технологиялары;
- Агротехнологияларды туура пайдалануу.
Белгиленгендей, “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи өткөн жылы 300 тонна силос өндүргөн болсо, 2026-жылы бул көрсөткүчтү 3000 тоннага жеткирүүнү пландоодо. Бул максатка жетүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу, өндүрүштү кеңейтүү жана агротехникалык талаптарды так сактоо зарылдыгы айтылды.
Мындай семинар-кеңешмелер дыйкан-фермерлердин билимин жогорулатууга, айыл чарба тармагында жаңы ыкмаларды жайылтууга жана жазгы талаа иштерин сапаттуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.