Кеминде жапайы жаныбарларды аткан жаран 200 миң сом айып төлөдү

Укук тартиби Загрузка... 10 Июнь 2026 10:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Чүй облусунун тургуну Кемин районунун тоолорунан жапайы жаныбарларга мыйзамсыз мергенчилик кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эки баш каман, бир баш элик, эки кыргоол, бир кекилик атып колго түшүрүлгөн.

Кармалган жаран Кемин РИИБине жеткирилген. Ага жаратылышка келтирген зыяны үчүн 212 миң сом айып салынып, аны өз ыктыяры менен төлөп берген.

“Ал эми мыйзамсыз колдонуп жүргөн куралы райондук милицияга тапшырылып, 3 жылга мергенчилик кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды”, - деп айтылат маалыматта.