Кикбоксинг: Биринчиликти багындыргандар дүйнө чемпионатына барат

Спорт Загрузка... 16 Апрель 2026 16:10
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Биринчиликти багындыргандар дүйнө чемпионатына барышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкекте өтүп жаткан кикбоксинг боюнча Кыргызстандын чемпионатында турнирдин башкы калысы Кумар Жалиев билдирди.

Анын айтымында, чемпионат кикбоксингдин жана татаминин эки түрү боюнча өтүүдө.

"Белгилей кетчү нерсе, иш-чарага жаштар дагы кошулду. Биздин милдетибиз оюнду калыс өткөрүү жана спортчуларды эл аралык аренага татыктуу даярдоо", – деди башкы калыс.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте кикбоксинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүп жатат.