Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты алгачкы жолу Азия өлкөсүндө өтөт

Спорт Загрузка... 16 Апрель 2026 16:35
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Бишкекте кикбоксинг боюнча өлкөнүн чемпионаты өтүп, ага бардык аймактардан 300дөй спортчу катышууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чара быйыл 31-жолу өткөрүлүп жатат.

"Иш-чаранын негизги максаты өлкөнүн курамасын топтоо. Быйылкы жылы Ташкент шаарында дүйнө кубогу, Италияда жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты өтөт. Ал эми кийинки жылы Өзбекстанда дүйнө чемпионаты өтөт. Атап айтканда, ал биринчи жолу Азия өлкөлөрүндө өткөнү жатат. Бул абдан маанилүү болуп саналат. Себеби буга чейин алыскы Европа өлкөлөрүндө, Америка же Бразилияда өткөндүктөн, жол кире жана башка чыгымдардан улам биз ченелүү курам менен гана бара алчубуз. Эми Ташкентке толук курам менен барууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Андыктан көп сандаган спортчулардын катышуусунда бүгүнкүдөй иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Эл аралык категориядагы квалификациясы бар калыстардын командасын түзө алдык. Спортчулардын арасындагы чоң атаандаштыкты көрүп жатабыз. Ал эми атаандаштык, мыктыларды тандап алуу дүйнөлүк чемпионат үчүн абдан маанилүү", – деп белгиледи ал.