Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Бишкекте дагы бир көп кабаттуу турак үйдүн көп жылдык көйгөйү чечилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров Бишкек шаарынын Көк-Жар айылындагы Сейтек көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үйгө пайдаланууга берүү актысын тапшырышты.
Аталган объект "Аю Курулуш" ЖЧКсы тарабынан курулуп, көп убакыттан бери пайдаланууга берүү маселеси чечилбей келген. Маселенин негизги себеби катары долбоордон тышкары мыйзамсыз кошулган 10-кабат болгон.
Иш-чаранын алкагында Бакай Турдугулов тургундар менен жолугуп, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан бери Курулуш министрлиги турак жай тармагындагы көйгөйлүү объекттерди этап-этабы менен жөнгө салуу иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, турак үй расмий кабыл алынбагандыктан, анын жашоочулары төмөнкүдөй тоскоолдуктарга кабылып келишкен:
- Батирлерин өз атына каттай албай, тиешелүү укуктук документтерди алууда кыйынчылыктар жаралган;
- Коммуналдык кызматтар үчүн узак убакыт бою жогорулатылган (өнөр жай) тарифтер менен төлөп келишкен.
"Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында буга чейинки көйгөйлөр чечилип, турак үй расмий түрдө пайдаланууга берилди. Натыйжада тургундарга өз мүлкүн мыйзамдаштырууга, документтерин толук тариздөөгө жана коммуналдык кызматтарды кадимки тариф менен пайдаланууга шарт түзүлдү",-деп айтылат маалыматта.