Көңүл буруңуз! №244 кичи автобустун кыймылы өзгөрөт

Коом Загрузка... 23 Апрель 2026 18:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Эртең, 24-апрелден тарта Бишкекте №244 кичи автобустук каттамдын кыймыл-чиймеси өзгөртүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстан конушуна чейин узартылып, аймактын тургундары үчүн жеткиликтүүлүк бир топ жакшыртылат.