Кочкор районунда социалдык дүкөн ачылды

Аймак Загрузка... 21 Апрель 2026 10:00
2.webp
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын колдоосу менен "Адал азык" аттуу жаңы социалдык дүкөн иштей баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, дүкөндө "Тойбос" компаниясынын продукциялары, ошондой эле уй, жылкы жана тоок эти жеткиликтүү баада сатылууда.

"Бул демилге район тургундарын арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылууга жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган", - деп айтылат маалыматта.