Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө борбор калаада реновация процесси качан башталарын айтып берди.
Анын айтымында, реновация долбоорун жыл башында министр Нурдан Орунтаев карап баштаган.
"Убакыт келди. Борбордо бош жер азайып, элдин санынын жыштыгы өсүп жатат. 40-жылдары курулган үйлөр чөгө баштады. Катуу жер титирөө же башка өзгөчө кырдаалдар болсо, алар урап түшүшү ыктымал", — деп түшүндүрдү министрдин орун басары.
Ал белгилегендей, Курулуш министрлиги мэрия менен биргеликте реновация системасынын долбоорлорун иштеп чыгууда. Бул Астана жана Москва шаарларында да жүрүп жатат.
"Жарандарды тынчтандыргым келет: жаңы үйлөр жакын жерде курулуп, жашоочулар ошол жакка көчүп бара алышат. Бардык тургундар көчүп бүтмөйүнчө, эски имараттар бузулбайт. Көчүрүлгөндөн кийин алардын ордуна жаңы үйлөр курулуп, процесс чынжырча болуп уланат. Эч ким көчөдө калбайт", — деп баса белгиледи Иманакун уулу.
Министрдин орун басары ошондой эле реновация долбоору учурда коомдук талкуудан өтүп жатканын билдирди.
"Бишкек шаарынын Башкы планы кеңейди жана ал бекитилгенден кийин гана реновациянын иш жүзүндөгү процесси башталат", — деп кошумчалады ал.