Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Чек арасыз дарыгерлер-Швейцария" (MSF) уюму менен биргеликте куткаруучулар үчүн алгачкы психологиялык жардам жана стрессти башкаруу боюнча тренингдерди баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Окутуунун биринчи сериясы 13-апрелден 17-апрелге чейин Ош шаарында өтүүдө. Программа эл аралык эксперттер тарабынан иштелип чыгып, Кыргызстандын шартына ылайыкташтырылган.
Иш-чаранын башкы максаты кызматкерлердин жабыркагандарга психологиялык көмөк көрсөтүү көндүмдөрүн арттыруу жана аларды келечектеги тренер катары даярдоо. Катышуучулар кризистик коммуникацияны, эмоционалдык күйүп кетүүнүн алдын алууну жана чыр-чатактарды жөнгө салуу ыкмаларын өздөштүрүшөт.
Бул демилге ӨКМ менен MSF уюмунун 2018-жылдан берки кызматташтыгынын алкагында ишке ашып, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү мүмкүнчүлүгүн чыңдоого багытталган.