Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнөн улам дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө аба каттамдар токтотулууда. Бул тууралуу Kazinform агенттиги DW`га шилтеме берип билдирди.
Нидерландык KLM компаниясы май айында Амстердамдын Схипхол аэропортунан аткарылуучу 80 каттамын жокко чыгарды. Германиянын Lufthansa жана АКШнын United Airlines компаниялары да кирешелүүлүктү сактап калуу максатында маршруттарын кыскартышты.
Cirium аналитикалык компаниясы 2026-жылы күтүлгөн 4-6 пайыз өсүштүн ордуна, май айында глобалдык авиакаттамдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү болжол менен 3 пайызга төмөндөй турганын эскертет.
Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) маалыматы боюнча, Европада авиакеросиндин кору алты жумага гана жетет.
Керосиндин тартыштыгына АКШ менен Израилдин Иранга каршы жаңжалы жана дүйнөлүк мунай соодасынын 20 пайызы өткөн Ормуз кысыгынын тосулуп калышы себеп болууда.