Кыргызстан менен Франция кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшөт

Коом Загрузка... 23 Апрель 2026 16:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту.

Прокуратурадан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, анын ичинде компетенттүү органдардын ыкчам кызматташтыгы жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга, киберкылмыштуулукка каршы чаралар талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстандын кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Европа конвенциясына кошулуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин белгилешти.