Бишкек, 15.04.26./ Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтондо өтүп жаткан Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында SpaceX компаниясынын Starlink тармагы боюнча улук директору Райан Гуднайт менен жолугушту.
Диалогдун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында спутниктик интернетти ишке киргизүү боюнча системалуу иштердин жыйынтыгын жана пилоттук долбоорго бардык зарыл болгон уруксаттарды алуу процессинин аякташын жыйынтыкташты.
Адылбек Касымалиев өткөн жылдагы сүйлөшүүлөрдө тараптарга сервисти пилоттук түрдө ишке киргизүүнү камсыздоо боюнча стратегиялык милдет коюлганын эске салды. Ошондон бери өлкөнүн мамлекеттик органдары зарыл ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча комплекстүү иштер аткарылды.
Starlink компаниясы өз кезегинде бардык зарыл талаптарды аткарып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен келишимдерге кол койгон.
Диалогдун алкагында сервисти жакынкы арада техникалык жактан ишке киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Спутниктик интернеттин социалдык таасири төмөнкүдөй артыкчылыктарды берери күтүлүүдө:
- Алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарды жогорку ылдамдыктагы байланыш менен камсыздоо;
- Мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объекттерди санариптик ресурстарга кошуу.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга жана кызматты ийгиликтүү ишке киргизүүгө жана Кыргыз Республикасындагы социалдык маанилүү демилгелерди ишке ашырууга багытталган координацияланган күч-аракеттерге умтулгандыктарын ырасташты.
Маалымат үчүн: Пилоттук долбоор ачыктык жана бирдей шарттардын принциптеринде ишке ашырылат. Спутниктик интернет кызматтарын көрсөткөн бардык компаниялар белгиленген талаптарга толук жооп берген шартта катышууга укуктуу.