Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу мамлекеттик эмес (жеке) соттук эксперттерди бириктирген Соттук эксперттер палатасы түзүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, палата "Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамына ылайык түзүлдү.
Бүгүн аталган кызматтын төрагасы Талантбек Кожонов палатанын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында жаңы түзүмдүн төрагасы К.Жансеитов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Тараптар республикада соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган кызмат менен палатанын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү уюштуруу маселелерин талкуулашты. Бирдиктүү илимий-методикалык жана билим берүү платформасын түзүү, ошондой эле сот эксперттеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, тараптар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотууну караган кызматташтык жөнүндө меморандумдун долбоорун карашты.