Кыргызстанда мугалимдер үчүн санарип “Ustat” билим берүү платформасы ишке кирди

Коом Загрузка... 28 Октябрь 2025 11:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Кыргызстанда мугалимдер үчүн жаңы санарип “Ustat” билим берүү платформасы ишке кирди.

Санариптик технологиялар иститутунун директору Жибек Бектенованын айтымында, аталган платформа Кыргызстандын Ulut Soft.kg аттуу IT-компаниясы тарабынан Агартуу министрлигинин тапшырмасы менен иштелип чыккан.

“Билим берүүнүн санариптешүүсү — бул учурдун талабы гана эмес, билимдин сапаты менен жеткиликтүүлүгүнө коюлган негизги шарт. “Ustat” платформасы өлкөнүн бардык аймактарындагы ар бир мугалимге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин максат — мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну жеткиликтүү, ачык жана заманбап кылуу. Ustat билим берүү порталы мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу курстарын ыңгайлуу онлайн-форматта өтүүгө шарт түзөт.

Платформа төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү камтыйт:

● заманбап окуу программалары боюнча онлайн-курстар жана видео-лекциялар;

● практикалык тапшырмалар жана тестирлөө бөлүмдөрү;

● электрондук сертификаттарды автоматтык түрдө түзүү системасы;

● жеке кабинети жана окуу процесси боюнча прогрессти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;

● жаңы курстар тууралуу билдирүүлөр;

● окуу материалдарына жана усулдук көрсөтмөлөргө дайыма жеткиликтүүлүк”,-деди ал.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо инститтутун директору АлмазбекТоктомаметов белгилегендей, бүгүнкү күндө платформада 9 миңден ашуун мугалим катталган, алар учурда билим алуу процессин баштап, жаңы үлгүдөгү электрондук сертификаттарды алышууда.

“Ustat мугалимдерге эмне берет?

Платформа ар бир мугалимге жашаган же иштеген жерининин өзгөчөлүгүнө карабастан — квалификациясын жогорулатууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү максатында иштелип чыккан.

Платформанын негизги артыкчылыктары төмөнкүлөр:

Убакытты жана каражатты үнөмдөө — окутуу толугу менен онлайн форматта өтөт, мугалимдерге борборго же облустук борборлорго баруунун зарылдыгы жок.

Иш ордунда окутуу — мугалимдер жумушунан бошотулбастан квалификациясын жогорулата алышат.

Дуалдык формат — теориялык билим дароо сабак учурунда практикада колдонулат.

Географиялык чектөөлөр жок — өлкөнүн бардык аймагындагы педагогдор үчүн платформа ачык.

Курс өтүүдө чектөө жок — эми мугалимдер жыл сайын каалаганча окуй алышат, мурдагыдай чектөөлөр алынды.

Курс аяктагандан кийин мугалимдер электрондук сертификат алышат, анын юридикалык күчү кагаз түрүндөгү документ менен бирдей. Зарыл учурда анын басылган нускасы да берилет. Ар бир сертификатта анын чыныгы экенин ырастаган QR-код бар. Бүгүн ар бир алынган сертификат мугалимдин чыныгы билимин тастыктайт. Бардык жыйынтыктар системада автоматтык түрдө катталат жана өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Бул коомдун квалификацияны жогорулатуу системасына болгон ишенимин бекемдөө үчүн абдан маанилүү”,-деди ал.