Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Бразилияда өтө турган дүйнө кубогунда күч сынашат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, эл аралык турнирге улуттук курама команданын курамында күч сынаша турган беш спортчу аттанды.
Алар:
- Анвар Ходжиев (50 кг чейин);
- Зафарбек Камилов (55 кг чейин);
- Мунарбек Сейитбек уулу (60 кг чейин);
- Омар Ливаза (65 кг чейин);
- Ихтияр Нишонов (70 кг чейин).
Команданы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаев баштаган машыктыруучулар штабы даярдады.
Мелгилей кетсек, мелдеш 20-26-апрелде Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтөт. Ага дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн 400гө жакын мыкты боксчулар катышары күтүлүүдө.