Эл аралык көргөзмөдө Кыргызстандын павильонунун жеңишине салым кошкондор сыйланды

Коом Загрузка... 24 Апрель 2026 18:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 24-апрелде ЭКСПО 2025 эл аралык көргөзмөсүндө алтын сыйлык алууга олуттуу салым кошкон искусство ишмерлери сыйланды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлангандардын катарында дизайнерлер, колдонмо искусствонун чеберлери, кол өнөрчүлөр жана графикалык дизайнерлер бар.

Алардын эмгектери Кыргызстандын маданий мурасын эл аралык аренада татыктуу таанытты. Ошондой эле өлкөнүн өзгөчөлүгүн, салттарын жана заманбап көркөм ой жүгүртүүсүн даана чагылдырды.

Агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров талыкпас эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана өз ишине берилгендиги үчүн сыйлык ээлерине ыраазычылык билдирди.