Кытайда VI Азиянын пляждык оюндары башталды

Спорт Загрузка... 23 Апрель 2026 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Кытайдын Санья шаарында VI Азия пляждык оюндары башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылыш азем концерттик шоу-программа менен коштолду.

Ар бир мамлекет параддан өтүп, Кыргызстандын мамлекеттик туусун жеңил атлет Тимур Исаков көтөрүп чыкты.

Белгиленгендей, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортчулары катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өтөт.

Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортчу спорттун 9 түрү боюнча күч сынашат.

Оюндар 30-апрелге чейин уланат.