Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. “Кызыл-Кыя Тазалык” ишканасына атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.
Маалыматка ылайык, атайын техникалар республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарына сатып алынды.
Жаңы алынган JAC Т8 үлгүсүндөгү пикап жана эвакуатор техникасын облус башчысы Мамыржан Рахимов тапшырды.
Рахимов жаңы техникалар узак убакыт бою элге сапаттуу кызмат көрсөтүп, шаардын тазалыгын камсыздоого жана анын мындан аркы өнүгүшүнө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.