Бишкек, 24.04.26. /Кабар/. 22-апрелде Ысык-Көл облустук милициясынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан облус аймагындагы көл акваториясын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Милициядан билдиришкендей, анын жүрүшүндө көл түбүнөн жалпы узундугу 3 120 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды.
Мындан тышкары, көл жээктеринен 1 430 метр эски синтетикалык торлор табылып, тазаланды.