Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 4, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт катталды.
Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.