Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Мотоцикл менен жашыл аймакты тебелеген жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Экологиялык көзөмөл кызматы тармактагы enduro_prokat.kg баракчасынан эндуро мотоцикли менен жайыттарды тебелеп жүргөн К. уулу К. аттуу жаранды аныктап табышкан.
Бул окуя боюнча Бишкек жана Аламүдүн районунун инспекторлору дароо текшерүү жүргүзүп, эреже бузган айдоочуга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 5 500 сом айып пул салышты.

Эскерте кетсек, унаа же мотоцикл менен жайыттарды тебелеп-тепсөө жердин кыртышын бузуп, кургакчылыкка жана жаратылыштын бузулушуна алып келет. Мындай мыйзам бузуулар үчүн айып пулдун көлөмү 5 500 сомдон 20 000 сомго чейин жетет. Жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырабыз.