"Мурас Юнайтед" ливандык "Аль-Ансарды" утуп, жарым финалга чыкты

Спорт Загрузка... 20 Апрель 2026 10:35
WhatsApp Image 2026-04-20 at 10.01.51.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Кечээ, 19-апрелде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Чакырык лигасынын чейрек финалдык беттеши өттү. Анда ата мекендик "Мурас Юнайтед" клубу ливандык "Аль-Ансарды" 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңди.

WhatsApp Image 2026-04-20 at 10.01.53 (1)

Кыргызстандык команда оюн башталгандан аягына чейин оюн талаасында үстөмдүк кылды. Оюн эсебин биринчи бөлүктүн 41-мүнөтүндө Денис Яскович ачып, тыныгуудан кийин Алимардон Шукуров менен Андрей Бацула гол киргизди.

WhatsApp Image 2026-04-20 at 10.01.52 (1)

"Мурас Юнайтеддин" спорттук директору Азиз Кудайбергенов оюн алар пландагандай өткөнүн белгиледи.

"Оюн машыктыруучулар штабы тарабынан белгиленген план боюнча өттү. Биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү ишке ашырдык. Эми бизди жарым финал күтүп турат. Параллелдүү түрдө "Аль-Кувейт" жана "Аль-Шабаб" клубдарынын ортосунда оюн өтүп, анда Кувейттин клубу жеңишке жетти. Дал ошолор биздин кезектеги атаандашыбыз болот", – деп билдирди ал.
WhatsApp Image 2026-04-20 at 10.01.53

Клубдун башкы машыктыруучусу Эдмар Галовский де Ласерда оюнчуларды аракетчилдиги үчүн мактап, команда ливандык клубдун оюндарына кылдат тактикалык талдоо жүргүзгөнүн баса белгиледи.

Өз кезегинде "Аль-Ансардын" башкы машыктыруучусу оюндан кийинки маалымат жыйынында кыргызстандыктардын тактикалык даярдыгын жогору баалады. Ал ошондой эле Ливандагы татаал жана туруксуз аскердик кырдаал оюнчулардын эмоционалдык абалына таасир этип, бай тарыхы бар команданын толук кандуу даярдык көрүүсүнө тоскоол болгонун моюнга алды.

WhatsApp Image 2026-04-20 at 10.01.52 (2)

АФК Чакырык лигасынын тайпалык баскычына жалпысынан Батыш жана Чыгыш зоналарына бөлүнгөн 20 клуб катышкан. Батыш зонасынын плей-офф баскычына үч тайпанын жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду алгандардын ичинен эң мыкты бир команда чыкты.

WhatsApp Image 2026-04-20 at 10.01.52

Белгилей кетсек, турнирдин жарым финалында "Мурас Юнайтед" "Аль-Кувейт" клубу менен кездешет. Беттеш шаршемби күнү, 22-апрелде, Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.