Мыйзамсыз пайда көрүү: УКМК унаа каттоодогу кызматтык кылмыштын бетин ачты

Укук тартиби Загрузка... 15 Апрель 2026 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. УКМК унааларды мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схеманын бетин ачты.

Атайын кызмат президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборундагы кылмыштуу схеманы аныктады.

Тергөө маалыматына ылайык, аталган борбордун кызматкерлери — Ш.А.А., М.Д.М. жана Ш.у.К. айрым жарандар менен алдын ала сүйлөшүп алып, акчалай сыйлык алуу үчүн Россияда каттоодон чыгарыла элек автоунааларды Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз каттап келишкен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда УКМК тарабынан мамлекеттик борбордун "Биримдик 24" бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерин жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иштери улантылууда.