Нарында үй-бүлөлүк медицина борбору жаңы имаратка көчтү

Аймак 14 октябрь 2026 15:50
copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Нарын шаарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мекеме "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунун колдоосу менен курулган.

Жаңы имаратта бейтаптарды кабыл алуу, диагностикалык текшерүүлөрдү жана лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн шарттар түзүлгөн.