Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Бүгүн эртең менен саат 09:17де Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Талды-Суу жана Өзгөрүш айылдарынан түштүк-чыгышка карай 11 чакырым, Нарын шаарынан түштүк-чыгышка карай 40 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.