Нарындык мугалим 18 метрлик көпүрөнү техника колдонбой таштан курду

Аймак Загрузка... 05 Март 2026 12:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Нарын шаарынын тургуну, мугалим Эржан Төлөбек уулу Кара-Үңкүр капчыгайына уникалдуу көпүрө курду. Ал толугу менен таштан жасалган. Дизайны дагы байыркы архитектураны эске салгандыктан, туристтер токтомоюнча өтүп кете албайт. Курулуш иши толугу менен кол менен жасалган. Автордун айтымында, аймактын таштуу экенин эске алып, табигый материалды текке кетирбей, пайдаланып калууну чечкен.

WhatsApp Image 2026-03-05 at 08.51.01.jpeg
“Көпүрө чоң жолдун жээгинде жайгашкандыктан, өтүп бара жаткан туристтер токтоп, сүрөткө түшүп жатышат. Жергиликтүү тургундар да кызыгышат. Курулуш жайы менен жүрдү. Шар аккан муздак сууну кечип иштөөгө туура келди. Эң көп убакытты алган процесс — калып (опалубка) орнотуу болду. Пайдубал бекем болушу үчүн түбүнө чоң таштар тизилип, жогорку сапаттагы цементти колдондук”, - дейт Эржан Төлөбек уулу.
WhatsApp Image 2026-03-05 at 08.51.01 (1).jpeg

Көпүрөнүн узундугу 18, туурасы 1,5 метр. Андан эки адам кенен өтө алат. Көпүрө оор жүк көтөрүүгө да ылайыкталгандыктан, эми ал эки айылдын элин жайлоо менен коопсуз байланыштырат. Чабандар атка боз үй жана тиричилик буюмдарын жүктөп өтсө да кооптонууга негиз жок. Көпүрөнүн эки четиндеги тосмолор жыгачтан жасалып, уйдун териси менен бекемделген. Бул ишке каармандын атасы да кол кабыш кылган.

"Алгач бир чоң аркалуу көпүрө куруу пландалган. Бирок ага атайын кран жана татаал конструкция талап кылынгандыктан, азыркы вариантты ишке ашырууга туура келди. Канча чыгым кеткенин так эсептеген жокмун, болжол менен 100 миң сомду түздү", — дейт ал.

Эржан Төлөбек уулу С. А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Учурда Нарын шаарындагы балдардын билим берүү борборунда кол эмгек сабагынан мугалим болуп эмгектенет. Жаш устанын 32 шакирти бар.

WhatsApp Image 2026-03-05 at 08.51.01 (2).jpeg

“Мугалимдиктен тышкары соода менен да алектенем. Бул ишке беш жылдын жүзү болду. Ар ишемби жана жекшемби күндөрү Кочкор, Ат-Башы райондорундагы мал базарларга ээр, дүрбү, ачкыч кап, бычак кап сыяктуу кол эмгектеримди алып чыгам. Кудайга шүгүр, соода жакшы. Базардан түшкөн каражатты күнүмдүк керектөөлөргө жумшайм. Ошондой эле атайын буйрутмаларды да кабыл алам. Кардарларымдын географиясы кенен: алыскы Баткен, Ош облустарынан тарта, коңшу Казакстан жана Россиядан бери сурап кайрылгандар бар”, — деди мугалим.

WhatsApp Image 2026-03-05 at 08.51.02 (3).jpeg

Чыгармачыл инсан дагы бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Бирок каржы маселеси кендирди кесип жатканын айтат.

WhatsApp Image 2026-03-05 at 08.51.02 (2).jpeg