ОСАГО: Жол кырсыгынан жабыркагандарга 6,1 млн сом кенемте төлөндү

Коом Загрузка... 21 Апрель 2026 16:20
1.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Жол кырсыгынан жабыркаган жарандарга ОСАГОнун алкагында жалпы 6 млн 137 миң 865 сом өлчөмүндө кенемте төлөндү. Бул тууралуу "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы 56 жаран камсыздандыруу төлөмдөрүн алышты. Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаары - 40 жаран - 3 млн 562 миң 314 сом;
  • Чүй облусу - 5 жаран - 690 миң 564 сом;
  • Ысык-Көл облусу - 4 жаран - 1 млн 256 миң сом;
  • Жалал-Абад облусу - 3 жаран - 306 миң 163 сом;
  • Нарын облусу - 2 жаран - 104 миң 805 сом;
  • Ош облусу - 1 жаран - 150 миң сом;
  • Баткен облусу - 1 жаран - 67 миң 927 сом.

ОСАГО – үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга багытталган милдеттүү камсыздандыруу.