Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Бүгүн "Ош" эл аралык аэропортунун аймагында "Аэропорт" авиапаркы расмий пайдаланууга берилди.
Ачылуу аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, "Кыргызстан Аэропорттору" ААК башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Самидинов, аэропорт жамааты жана шаар тургундары катышты.
Жанарбек Акаев шаар тургундары үчүн бул сейил бак чоң белек экенин, калаанын аймагындагы ишканалар бош жайларды жашыл аймак кылса жакшы болоорун айтты. Ошондой эле калаа башчысы ушу тапта Ош шаарында көчөт отургузуп, бак тигүү жашыл зоналарды көбөйтүү жараяны жигердүү жүрүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Аэропорт" сейил багы 1 гектар жерди ээлеп, анда авиамузей, Сулайман-Тоонун 3Д макети, 2 кадимки учак, сейил бак, оргума бар. Ошондой эле, жашыл аймак, түнкүсүн жарыктандыруу, өзгөчө дизайндагы отургучтар каралган.
Ж.Акаев өз сөзүндө билдиргендей, учурда шаар боюнча 13 жаңы сейил бак курулууда.