Ош шаарында “Окурман Ош” китеп фестивалы өтөт

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 10:50
634038997_1206.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon www

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. 22–23-апрелде Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Окурман Ош” аталышындагы китеп фестивалы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага окуучулар, студенттер, китеп сүйүүчүлөр, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышат.

22-апрелде ОшМУда студенттер жана мектеп окуучулары үчүн белгилүү бир чыгарманын негизинде тест уюштурулат. Ошол эле күнү С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында К. Иманалиевдин “Куса” драмасынын негизинде даярдалган спектакль көрсөтүлөт.

23-апрелде Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында “Шаар тургундарын жана жаштарды китеп окууга тартуу: көйгөйлөр жана чечимдер” деген темада тегерек стол өтөт. Ошондой эле ОшМУда КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын-жазуучу Зинакан Пасанованын 70 жылдык мааракесине арналган чыгармачылык кече болот. Ал эми саат 17:00дө Алымбек датка эс алуу жайында китеп жарманкеси ачылат.